Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Месси бул анын акыркы дүйнөлүк чемпионаты экенин айтты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 14 Дек 2022 | 750 | 0

Аргентина курама командасынын капитаны Лионель Месси Катардагы дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши анын карьерасындагы мындай деңгээлдеги турнирлердеги акыркы беттеши болорун билдирди.

«Мен финалда акыркы оюнумду ойноп, дүйнөлүк чемпионаттардагы карьерамды жыйынтыктаганыма абдан кубанычтамын. Кийинки дүйнөлүк чемпионатка көп жылдар калды жана мен кийинки чемпионатка катышпайм деп ойлойм. Мындай аяктап жатканы өтө жакшы. Бул дүйнө чемпионатында мен башыман өткөргөндөрдүн баары абдан кызыктуу болду, Аргентинанын эли да андан ырахат алууда ”, — дейт ал.

Месси үчүн бул дүйнө чемпиондугу карьерасындагы бешинчи чемпионат болду. Чабуулчу 2006-жылы дүйнө чемпионатында Сербия жана Черногория менен болгон беттеште дебют жасаган.

Белгилей кетсек, кечээ жарым финалдык беттеште Аргентиналыктар Хорватияны 3:0 эсебинде утуп алды.

Ал оюнда Лионель Месси 11-голун киргизип, дүйнөлүк чемпионаттагы голдордун саны боюнча улуттук кураманын рекордун койду.

18-декабрда Аргентина курама командасы Дүйнө чемпиондугунун финалында Марокко-Франция командаларынын жеңүүчүсү менен беттешет.

Copyright © 2017 Maral FM