Биз менен байланышыңыз

Статком: Быйыл азык-түлүк баасы 13,5% өстү

Кыска кабар | 12 Дек 2022 | 376 | 0

Ички дүң продукциянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айында алдын-ала баалоо боюнча 781 млрд сомдон ашты. Бул 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7%га көп.

Маалыматы Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү быйыл он бир айда 726 млрд сомдон ашты.

Быйыл он бир айда керектөө баалары өлкө 13,5%га өстү. Анын ичинде:

-алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 21,7%га, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 14,8%га,

-азык-түлүк эмес товарлар – 11,4%га,

-калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 8,4%га жогорулады.

Ал эми өнөр жай тармагында өсүш байкалган, бул тармактагы продукциялардын көлөмү 2022-жылдын январь-ноябрында 383 млрд сомдон ашкан.

Курулуш тармагында оң тенденциялар байкалып, өсүш 5,3%ды түздү, ал эми айыл чарбасында 6,4%, дүң жана чекене соодада өсүш 7,6%ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM