Биз менен байланышыңыз

Алтынды сатууну кайра улантуу үчүн LBMA менен сүйлөшүүлөр өттү

Кыска кабар | 11 Дек 2022 | 270 | 0

Министрлер кабинетинин делегациясы Лондондун баалуу металлдар базарлары ассоциациясынын (LBMA) жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар КР дүйнөлүк рынокко, анын ичинде Британия рыногуна баалуу металлдарды чыгаруу маселесин талкуулашты.

Кыргыз тарап ата мекендик алтынды дүйнөлүк рынокто сатууну жандандыруу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн көбөйтүү милдети ал үчүн приоритет экенин баса белгиледи.

2021-жылдын 17-сентябрынан тарта «Кыргызалтын» ишканасы Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылган. Биримдиктин маалыматына караганда, «Кыргызалтын» ишканасы товар менен камсыздоо программасынын талаптарын аткарган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM