Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев чакан ГЭСтердин курулушун баштоону жөнөкөйлөштүрүүнү тапшырды

Кыска кабар | 11 Дек 2022 | 476 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кичи ГЭСтерди куруу үчүн келечектүү участокторду техникалык-экономикалык негиздемеге жараша тандап алууну жана чакан ГЭСтерди куруу аракеттерин укуктук жактан жеңилдетүү үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү мамлекеттин приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат, буга байланыштуу энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу милдети коюлган.

«Электр энергетика комплекси керектөөчүлөрдү жыл бою энергия менен ишенимдүү камсыз кылууга жөндөмдүү. Чакан ГЭСтерди жигердүү курууну баштоо менен электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоого, экономикалык жоготууларды кыскартууга жана ошол эле учурда өлкөдөгү ишкер жана инвестициялык климатты жакшыртууга жетише алабыз», — деди ал.

Чакан гидроэнергетиканын өнүгүшүнө тоскоолдук катары ашыкча бюрократия, мында жөнгө салуу-уруксат берүүчү жол-жоболор чакан ГЭСтерди долбоорлоо жана куруу процессин кыйла жайлатып жатканы айтылып келет.

Муну эске алуу менен чакан ГЭСтердин курулушун баштоону жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү, ошондой эле айыл чарба объектилерин электр энергиясы менен камсыз кыла турган мурда иштеп келген чакан станцияларды кайра түзүү сунушу айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM