Биз менен байланышыңыз

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 326 | 0

Саясатчы Азимбек Бекназаров 2023-жылдын 23-февралына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай чечим бүгүн, 9-декабрда Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Азимбек Бекназаровго карата мурда тандалган Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 23-февраль күнү саат 17:31ге чейин узартылды.

Белгилей кетсек, Бекназаровго «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн.

ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын негизинде кармалгандыгын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM