Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Ишкерлер Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясынын түзүлүшүн күтүүдө

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 401 | 0

Кыргызстандын ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүсү үстүбүздөгү жылдын үч кварталында отуз пайызга өскөн, ал эми биримдикке кирген өлкөлөргө экспорт кырк пайыздан жогору болгон.

Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы жыйынында президент Садыр Жапаров айтты.

Өз ара эсептешүүлөрдүн 75 пайыздан ашыгын улуттук валютага которулду, ошондой эле Россиянын валюталык соода аянтчаларына чыгуу камсыздалды.

Мындан тышкары, жакынкы келечекте артыкчылыктуу кооперациялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн институционалдык механизм иштеп чыгуу жана аларды биримдиктин аймагынын картасына бир кылка түшүрүү зарыл.

«Кызматташтык менен интеграциясын мындай багыттарын өнүктүрүүдө Евразиялык кайра камсыздандыруу уюмун түзүү чечими олуттуу салым болду. Биздин өлкөлөрдүн ишкерлери бул түзүмдүн ишинин башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатат десем жаңылышпайм» , — деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров жыл ичинде элүүдөн ашуун чаралар жана чечимдер кабыл алынганын билдирди:

экономиканын туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу,

бажы-тарифтик жөнгө салуу,

ички рынок жана кооперация,

каржы жана валюта рыноктору,

эл аралык экономикалык кызматташтык чөйрөлөрүндө бизнести колдоо.

Ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөнү калыптандырууга, биримдиктин алкагында товарлардын жалпы биржа рыногунун, кичи жана орто бизнестин потенциалын ачууга, референттик лабораториялардын тутумун түзүүгө, санариптик долбоорлорун ишке ашырууда регулятордук бирдиктүү чөйрөнү колдонууга, соода-экономикалык кызматташтыкты жана экспортту өнүктүрүүнү жандандырууга көмөк боло турган сунуштамалар даярдалганын белгиледи.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Быйыл уюмдун саммитине Кыргызстан төрагалык кылды.

Copyright © 2017 Maral FM