Биз менен байланышыңыз

Туманга байланыштуу бардык ички каттамдар жылдырылды. Тизме

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 697 | 0

Бүгүн, 9-декабрда «Ош» эл аралык аэропортунун аймагында саат 09:26дан баштап коюу туман каптады. Көрүү мүмкүнчүлүгү азырынча 50 метрди түзөт.

Мындан улам бардык ички каттамдар аба ырайы жакшырганга чейин жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.

Убактысы өзгөргөн каттамдар:

132-каттам Ош-Бишкек – саат 13:20га.

106-каттам Ош-Бишкек – 13:30га.

178-каттам Ош-Бишкек – 13:40ка.

128-каттам Ош-Бишкек – 15:00гө.

220-каттам Ош-Бишкек – 13:50гө.

Ошондой эле, Сургуттан учуп келе жаткан UTAIR авиакомпаниясынын учагы Намангандагы аэродромго конууга аргасыз болду.

Төмөнкү эл аралык каттамдардын убактысы да жылдырылды:

3260-каттам  Ош-Москва 13:55ке.

965-каттам  Ош-Москва саат 13:00гө.

2910-каттам Ош-Москва саат 13:15ке.

«Манас» эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын графиги да жылдырылууда.

Аба каттамдары тууралуу маалыматты билүү үчүн төмөнкү телефон номурларына чалуу керек:

0 312 693109 («Манас»)

0 3222 90101 («Ош»).

Copyright © 2017 Maral FM