Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Казакстандын президенти Токаев келди

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 182 | 0

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунда президент Касым-Жомарт Токаевди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны өтүп, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери катышат. Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM