Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Орозайым Нарматованын соту болот

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 222 | 0

Бүгүн 9-декабрь саат 14.00дө Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын соту болот.

16-ноябрда Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч каралып, канааттандырылган эмес. Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Нарматовага Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде айып тагылган. 27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармаган жана ал Кыргызстанга алып келинген.

Ал Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы пикирин айткандардын бири.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM