Биз менен байланышыңыз

Б. Бейшеналиева атындагы искусство университетинин ректору дүйнөдөн өттү

Кыска кабар | 9 Дек 2022 | 856 | 0

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги Чотонов Мамашарип Мамытович 2022-жылдын 8-декабрында 54 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн өттү.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылдын 9-апрелинде Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылында туулган. 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Чотонов Мамашарип Мамытович 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданий-агартуу иштери факультетин «маданий-агартуу иштерин уюштуруучу-методист» адистигинде, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) «финансы жана кредит тармагы боюнча дипломдуу адис-экономист» адистигинде, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны «эл аралык мамилелер» адистигинде аяктаган.

Алгачкы эмгек жолу 1992-жылы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик (учурда улуттук) филармониясынын администратору болуу менен башталган. 1993-1994-жылдары аталган мекемеде режиссёрдун жардамчысы кызматында иштеген. 1992-жылы филармониядагы иши менен айкалыштырып, «Руханият» эл аралык ассоциациясынын менеджери, 1993-жылы аткаруучу директору кызматтарын кошо аркалаган. 1994-жылы филармониядан өз каалоосу менен кетип, аталган ассоциациянын вице-президенттигине дайындалган. 1996-жылы  «Дастан-Ю» жоопкерчилиги чектелген коомун (ЖЧК) түзүп, 1999-жылы ошол эле ишкананын башкы директорлугуна шайланган. 2001-2004-жылдары «Жакшылык кредит» фирмасынын директору болуп эмгектенген.

2005-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурдагы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) социалдык-маданий ишмердиги кафедрасына окутуучу болуп кабыл алынган. 2008-жылы аталган кафедранын улук окутуучусу окумуштуулук наамы берилген. 2012-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун оркестр жана хор дирижерлугу факультетинин (учурда музыка факультети) деканы кызматына дайындалган. 2011-2012-жылдары аталган кызматына айкалыштырып, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана финансы факультетинде, 2012-2014-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетинде сабак берген. 2014-жылы шайлоо жолу менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору кызматына бекитилген. 2019-жылы аталган кызматка кайрадан шайланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалган.

2011-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика кафедрасында кандидаттык диссертациясын жактап, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин кандидаты илимий наамы, 2014-жылы ушул эле мекеме тарабынан «экономика» адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган. 2015-жылы Россия Федерациясынын Табигый илимдер академиясы тарабынан профессор окумуштуулук наамы, 2020-жылы ушшул эле академиянын мүчо-корреспонденти наамы, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин доктору илимий наамы берилген.

Чотонов Мамашарип Мамытович адистик багыты боюнча студенттерге «Социалдык-маданий чөйрөнүн экономикасы», «Социалдык-маданий чөйрөнүн менеджменти», «Заманбап менеджмент», «Менеджменттеги этика», «Заманбап экономика», «Улуттук экономика», «Уюм-мекемелердин экономикасы», «Жарнамалык ишмердик», «Коммерциялык ишмердикти уюштуруу»,  «Шоу-бизнестеги экономикалык мамилелер жана башкаруу» сабактарынан дарс окуп келген.

Чотонов Мамашарип Мамытович педагогикалык ишмердиги менен бирге илимий иштерге да жигердүү аралашып, маданият жана башкаруу чөйрөсүндөгү экономикалык көйгөйлөргө, кырдаалдарга арналган ондогон макалалары, ар кандай республикалык жана чет элдик жыйындарда, конференция, симпозиум, семинарларда жасаган баяндамалары бир катар басма сөз беттерине, сайттарга жарыяланган. Андан тышкары 2012-жылы «Экономика социально-культурной сферы», «Менеджмент в социально-культурные сферы» аттуу эки окуу китеби басмадан чыгып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен жогорку окуу жайларда окутуу үчүн берилген.

2007-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын, 2008-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын, 2016-жылы Бишкек шаардык Кеңешинин, 2017-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, 2014-жылы «КР Маданиятынын мыкты кызматкери», 2014-жылы «КР Билим берүүсүнүн отличниги», 2017-жылы «КР Экономикасынын отличниги» төш белгилери, КР финансы-салык кызматынын отличниги, 2015-жылы Россия Федерациясынын Табигый илимдер академиясынын «Адам Смит» медалы, «Первый среди равных» ордени, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын «Аскер кызматташтыгын бекемдегендиги үчүн» медалы жана 702-аскер бөлүгүнүн 50 жылдык мааракесине карата юбилейлик  күбөлүгү, 2017-жылы республикалык «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн – гезитинин «Жылдын мыкты ректору» атайын диплому жана башка көптөгөн республикалык жана чет элдик уюм-мекемелердин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары, атайын дипломдору менен сыйланган.

Чотонов Мамашарип Мамытовичти өзү иштеген окуу жайдын жамааты уюштуруучулук жөндөмү жогору, иштин көзүн билген калыс жетекчи катары да таанып келген. Адамга катуу айтпаган, бой көтөрбөгөн кичипейил, жумшак мүнөзү менен, мейли окутуучу-профессор болсун, мейли техникалык кызматкер болсун, мейли студент болсун, ар бирине атасындай, агасындай, инисиндей мамиле жасаганы, ошол эле учурда ар бирине жөндөмүнө жараша талапты коё билгени менен өзгөчөлөнүп турган. Студенттерди шыктандыруу максатында атайын стипендияларды, кызматкерлердин иштөө жөндөмүн арттыруу максатында ар кыл багыттагы иш-чараларды уюштурууда эмгеги зор. Ал жетектеген жылдарда окуу жай бир катар ири жетишкендиктерге ээ болгон.

Айрыкча, буга чейин анчейин көңүл бурулбай келген тышкы байланыштар мамилесин жолго салып кете алган. Мунун натыйжасында аталган окуу жай республикадагы жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөгү жыйырмага жакын жогорку окуу жайлар жана маданий мекемелер менен түзүлгөн келишимдин негизинде тыгыз кызматташып келет. Бир катар студенттер кызматташ окуу жайлар жана маданий мекемелер уюштурган ар кандай иш-чараларда байгелүү орундарды багынтып, айрым студенттер жана кызматкерлер тажрыйба алмашуу багытындагы курстардан окуп келишүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM