Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев Кытайга 15 күнгө визасыз режим ачууну сунуштады

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 289 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев Кытайга 15 күнгө визасыз режим ачуу сунушу менен Акылбек Жапаровго кайрылды. Анын айтымында, Казакстан менен Өзбекстан Кытай жарандарына визасыз режим киргизгендиктен, туристердин келүүсүнө жол ачылган.

Ага жооп катары Акылбек Жапаров учурда Кытай тарап менен бизнес визаны киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Казакстан жана Өзбекстан Кытайга бизнес визасын, бири 10 күнгө, бири 14 күнгө чейин бизнесмендерге, инвесторлорго визасы жок чек арасын ачып берди. Биз дагы ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Ошондой эле турустик визанын үстүндө дагы иштеп жатабыз. Мына азыр саат төрттө Кытайдын вице-примьер министри келди. Биздин сүйлөшүүлөр дагы ушул маселелерди камтыйт. Азыр Кытайда коронавируска байланыштуу катуу талаптар болуп жатат, ал талаптар солгундай түшсө, ушул иш аракеттер улантылат», — деди Жапаров.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM