Нарын облусунун Жумгал районунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.
7-декабрда УКМК Нарын облустук милициясы менен биргеликте «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелген «Саяк» каймана аты бар К.М. жана «Мики Чор» каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун тургундарын кармады. Алар көмүрдү күз-кыш жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн алышкан.
Буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган.
Кармалгандар 1-декабрга караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, көмүр ташып кетишкен. Учурда шектүүлөр Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.