Connect with us

Кара-Кечеден көмүр ташууга шектүү жарандар кармалды

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 444 | 0

Нарын облусунун Жумгал районунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

7-декабрда УКМК Нарын облустук милициясы менен биргеликте «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелген «Саяк» каймана аты бар К.М. жана «Мики Чор» каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун тургундарын кармады. Алар көмүрдү күз-кыш жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн алышкан.

Буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган.

Кармалгандар 1-декабрга караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп,  көмүр ташып кетишкен. Учурда шектүүлөр Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM