Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын министри Орусиянын «газ союзу» планын сындады

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 741 | 1

Өзбекстандын энергетика министри Жорабек Мирзамахмудов Орусия жана Казакстан менен газ келишимин түзүү сунушун кескин сындап, Ташкент өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына шек келтирген саясий шарттарга макул болбой турганын айтты.

Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Өткөн айда Орусия үч өлкө жана башка сатып алуучулар, анын ичинде Кытай ортосундагы газды колдоо үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен «газ альянсы» талкууланып жатканын билдирген.

«Башка өлкөдөн газ импорттой турган болсок, коммерциялык сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде гана кызматташабыз. Газдын ордуна саясий шарттарга эч качан макул болбойбуз. Кыскасы, бизге сунуш кылынган газ келишимин макул болгондо гана алабыз, антпесе болбойт», — деди ал.

Бирок өзбек министри Өзбекстан азырынча сунуш ала электигин айткан.

«Орусия менен газ келишими түзүлгөн күндө да бул альянс дегенди билдирбейт, бул «техникалык келишим» болот» , — деди ал.

Жалпысынан Өзбекстанда жылына 52 миллиард куб метрге жакын жаратылыш газы өндүрүлүп, импорт 4 миллиард куб метр, экспорт 2,7 миллиард куб метрди түзөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин 28-ноябрда Москвада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Казакстан жана Өзбекстан менен «газ биримдигин» түзүүнү сунуштаган.

Казакстан Путиндин үч тараптуу “газ союзу” идеясын колдобой турганы 7-декабрда белгилүү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM