Биз менен байланышыңыз

Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын убактысы жылды

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 423 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга 10-декабрдагы мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга ушул жылдын аягына чейин келет. Мындай чечим Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кабыл алынды.

Бишкектеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келет.

Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.

9-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM