Connect with us

Депутаттардын прокуратурага барганы боюнча президент жумушчу топ түздү

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 423 | 0

Президент депутаттар Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазовдун Башкы прокуратурага суракка барганын иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 8-декабрдагы жыйынында билдирди.

«Президент Садыр Жапаров депутаттардын кайрылуусунан кийин жумушчу топ түздү. Бул топ бир жуманын ичинде Башкы прокуратуранын аракеттерин текшерет. Корутунду президентке берилет», — деди Нурланбек Шакиев.

Буга чейин депутаттар Шайлообек Атазов менен Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага сурак берүү үчүн барышканы маалым болгон. Көзөмөл органы эки депутат тең Жогорку Кеңеште жарыялаган маалыматы боюнча чакырылганын билдирген.

Жеңишбек Токторбаев парламенттин 7-декабрдагы жыйынында Башкы прокуратуранын ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштаган. Ал Башкы прокуратура депутаттарды суракка чакыруу менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңештин Регламентинин 137-беренесин жана депутаттардын статусу жөнүндөгү мыйзамдын 24-беренесин бузганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM