Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: ЖМК ар бир адамдын жашоосунда маанилүү роль ойнойт

Кыска кабар | 8 Дек 2022 | 523 | 0

Жалпыга маалымдоо каражаттары ар бир адамдын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.

Жапаров учурда маалыматты жайылтуу жана коомчулукка жеткирүү жолдору тездик менен өнүгүп жатканын, көрөрмандар менен угармандарга теле жана радио программаларын тандап көрүүгө, ылгап угууга кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтат.

Бул өз кезегинде аталган тармакта иштеген адистердин арасында атаандаштыкты күчөтүп, алардан маалымат алуу жөндөмүн тынбастан жакшыртууну, чыгармачылык менен талбай изденүүнү, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатууну, ошол эле учурда ыкчам аракетти талап кылат.

«Социалдык тармактардын өнүгүшү менен салттуу журналистика мазмуну жагынан да, коомчулукка жеткирүү ыкмалары жагынан да ары сапаттуу, ары актуалдуу контент берүү артыкчылыктарында камчы салдырбайт. Жалпыга маалымдоо каражаттары ар бир адамдын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойнойт, ал коомдук пикир жаратуунун, чыгармачыл эмгектерди, руханий жана улуттук баалуулуктарды жеткирүүнүн, мамлекеттик саясаттын башкы багыттарын жалпы коомчулукка жайылтуунун алмаштыргыс куралы болуп саналат.

Сиздердин кесибиңиздер өтө кызыктуу жана өтө маанилүү, сиздер кандай керемет инсандар менен баарлашып, кандай гана кайталангыс тагдырларды чагылдырып бересиздер, дайыма өлкөдө болуп жаткан окуялардын чордонунда жүрөсүздөр. Масс-медиага өз кесибин берилип сүйгөн, болуп жаткан окуяларды ар тараптуу жана калыс чагылдыра алган, таланттуу адистер ар дайым керек» , — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM