Биз менен байланышыңыз

Түмөнбаев «Ата Журт Кыргызстан» менен «Мекенчил» тобун өзүм билемдикке айыптады

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 235 | 0

Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобун «өзүм билемдикке» деп айыптады.

Анын айтымында, депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнө байланыштуу маселе дагы деле чечиле элек.

«Өмүрбек Бакировду кабинетинен мыйзамсыз чыгарып койгону боюнча унчукпайын дедим эле. Бүгүн «Ата-Журт Кыргызстан» менен «Мекенчил» өзү билемдик кылып жатат. Урматтуу төрага, сиз мындай мыйзамсыз иштерди дагы кыла берсеңиз, сиздин да кызматтык ордуңузду карайбыз. Анткени квадраттык залды, 709-кабинетти катчылыгыңарга берип, 7-кабатта ким отурса баарын ылдый түшүрөбүз деп жатасыздар. Сизди калыс төрага болот деп шайлаганбыз, адилет караңыз! Болбосо 7-кабаттагы кабинеттердин баарын сиздерге берели», — деди Түмөнбаев.

Депутатка төрага Нурланбек Шакиев жооп берип, Өмүрбек Бакировго 6-кабаттан иш бөлмө берилгендигин, бирок депутат өзү ага кирбей жаткандыгын билдирди. Ошондой эле Шакиев иш бөлмөлөрдү бөлүштүрүү боюнча ага атайын жобо же эреже жок болуп жатканын айтты.

«7-кабатка ким отуруш керек, ал боюнча төрагага жобо керек. Жобо иштелип чыкса, ошого жараша иш алап барабыз. Азыр менде кабинет бөлүштүргөнгө эч кандай жобо же эреже жок. Бул боюнча комиссия түзүлгөн, ошонун жыйынтыгынын негизинде тактап ирээтке салабыз», — деди төрага.

Депутат Өмүрбек Бакиров кесиптештерине кайрылып, кабинет маселесин көтөрбөөгө чакырды. Анын айтымында, депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгында анын кабинетине Президенттин иш башкармалыгынын орун басарынын уруксатсыз кириши мыйзамсыз болгондугу аныкталган. Анын жыйынтыгы менен прокуратура органы ишти тергеп жатат.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков кесиптешинин айткандарын төгүндөдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM