Биз менен байланышыңыз

Чек ара статусу бар айылдардын саны 105ке көбөйдү

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 677 | 0

Чек ара статусу берилген айылдардын саны 105ке көбөйдү. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Чоро Сейитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы тизмеге Ош жана Баткен облусундагы бир катар айылдар киргизилген. Бирок кайсы айылдар экенин тактаган жок.

Белгилей кетсек, парламент «Баткен облусунун статусу» жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда Баткен облусу боюнча 62 айыл чек арада жайгашкан аймак статусун алып, аларга бир катар жеңилдиктер берилген.

«Баткендин башка айылдарына да жеңилдик берүү каралып жатат»

Copyright © 2017 Maral FM