Биз менен байланышыңыз

«Баткендин башка айылдарына да жеңилдик берүү каралып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Янв 2022 | 873 | 0

Баткендик жеңилдик берилбей калган айылдары боюнча азыр иш жүрүп жатат. Бул тууралуу облустун жетекчиси Абдикарим Алимбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, облустун 62 айылына жеңилдик берүү өкмөттүн 2012-жылкы жана 2020-жылкы токтомдорунда көрсөтүлгөн. Бирок алар ишке жүзүндө аткарылган эмес.

«Биз Баткен облусунун өзгөчө макамынын алкагында токтомго ылайыкташтырып туруп 62 айылга бир канча жеңилдиктерди бердик. Андан сырткары жалпы облус элине да бир канча жеңилдиктер берилди. Бирок негизги басым 62 айылга болду. Ошондо кээ бир айылдар кирбей калыптыр. Биз бул боюнча азыр иштеп жатабыз»,  -деди Алимбаев.

Учурда 62 айылга кандай жеңилдиктер берилери тууралуу калк кабардар болуп калды. Ал жеңилдиктер 1-марттан тарта кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM