Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы 17,66 чакырым жер такталды

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 504 | 0

1-декабрдан 6-декабрына чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкенин долбоордук сыпаттамасын түзүшкөн. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылган.

Жумушту топтун жолугушуусу өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM