Биз менен байланышыңыз

Сокулукта почта кызматкерлери пенсия менен жөлөкпулдан 1 млн сом кымырып алышкан

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 527 | 0

«Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, жөлөкпул жана башка төлөмдөрдөн дээрлик 1 млн сом кымырып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын Сокулук райондук филиалында пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдүн сарпталышынын мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 985 миң 651 сом акча каражатты аталган мекеменин жооптуу кызматкерлери кымырып алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, филиалдын башкы бухгалтери А.С. котормо оператору А.А. жана чарба жагынан бөлүм башчысы Э.И. пенсия, жөлөкпул жана башка төлөмдөрдү өздөрүнө сиңирип алгандыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») менен айыпкер катарында жоопкерчиликке тартылышкан.

Тергөө учурунда келтирилген 985 миң 651 сом зыян толугу менен өндүрүлүп, Сокулук райондук сотуна кароо үчүн жиберилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM