Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулар Зулушевге кайрылуу жолдошту (видео)

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 304 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу жарандык активист Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анда Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандар, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча мыйзамсыз, ишке ашпай калган атайын операция үчүн «Альфанын» командири Жыргалбек Сыдыковду кызматтан алып, жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.

Атайын бөлүктүн жоокерлеринин сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, Жыргалбек Сыдыков атайын операцияга катышып эле тим болбостон, аны жетектеген. «Альфанын» командири Атамбаевдин дарыгерин сабап салганы боюнча тиешелүү видеотасмалар тиркелген.

«Бирок атайын операциядан майнап чыкпагандан кийин ал экс-президенттин үйүнөн чыгып, кол алдындагыларды коргоого чара көрбөй, анысы аз келгенсип, аларды коркунучта калтырган. Анын ичинде оор жарадар болуп, кийин каза болгон Үсөн Ниязбеков дагы Жыргалбек Сыдыковдун катышуусуз ооруканага жеткирилген. Ошол эле учурда иш материалдарында Жыргалбек Сыдыковдун түздөн-түз калканчтары бар жана атайын операцияны жетектөө жоопкерчилиги маркум Үсөнбек Ниязбековго жүктөлгөн. «Альфанын» түз командири жоопкерчиликке тартылган эмес. Бул жерде түздөн-түз кызыкчылыктар бар жана Жыргалбек Сыдыков кызматкерлерге кысым көрсөтөт, ал эми сот аны коргойт» , — деп жазылган кайрылууда.

Кайырлууга Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Канат Сагымбаев, Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Ф.Баабиев, К. Осмоналиев, М. Шаменов, Н.Капарбек уулу, Р. Карыпбек уулу, жана А.Какебаевдер кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM