Биз менен байланышыңыз

8-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 291 | 0

Кыргызстанда 8-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерге туман түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан  келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…-8;

Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;

Нарын облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9;

Бишкекте 8-декабрга түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -5…-7 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM