Биз менен байланышыңыз

Баткенде жолдо бараткан унаа жарылып кеткен

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 205 | 0

Баткен районунун Кадамжай районунда Өзбекстандын жаранынын унаасы жарылып кеткен. Бул тууралуу Баткен милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

6-декабрь күнү саат 10.00 чамасында Өзбекстандын жараны «Деу Лассети» үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, Риштан-Сох жолунун 16-километринде, тактап айтканда, Миң-Чынар айылынын батыш тарабын көздөй баратканда, унаанын кыймылдаткычына газ баллон жабдыгы орнотулгандыктан кокусунан жарылып кеткен.

Жарылган унаада жалпысынан Өзбекстандын 4 жараны болгон, жабыркагандар болгон эмес.

Бул факты Кадамжай районунун милициясынын журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM