Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө уруксаты жок иштеп жаткан ишкана жабылды

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 326 | 0

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл аймагында экологияга зыян келтирип жаткан ишкана жабылды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

6-декабрда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, Өзгөн районунун акими Шабдан Абыкеев жана тиешелүү кызмат жетекчилери Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы даарат кагазын чыгарган ишкананы жеринен көрүшкөн.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жергиликтүү тургундар аталган мекеме тийиштүү уруксат кагаздары жок иш алып барып, экологияга зыянын тийгизип жатканын айтып, арыз менен кайрылышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкана турак-жай салууга берилген жерге курулганы, тиешелүү кызматтардан уруксат кагазы жок экени жана экологияга зыян тийгизип жатканы аныкталган.

Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен мекеменин ишмердүүлүгү токтотулган. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын арызы менен Куршаб сайында иш алып барып жаткан шагыл чыгаруучу мекеме текшерилип, тиешелүү кызматтарга мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM