Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча алдын ала угуу болот

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 269 | 0

Бүгүн, 7-декабрда саат 14:00дө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин алдын ала уктуруусу болот. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.

26-октябрда Бишкек шаардык сотунда Жекшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны үй камагына чыгаруу чечими чыккан.

10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 19 жаштагы блогердин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан чечимин чыгарган. Ал №1 тергөө абагында болчу.

«Полит узник» фейсбук баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин «Жетим-Тоонун» казылуусуна каршы чыккан эски видеосун жарыялагандыгы үчүн суракка чакырылып, камакка алынган. Ага карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM