Биз менен байланышыңыз

“Баатыр эне” наамын алуу жобосун өзгөртүү коомдук талкууда

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 600 | 0

Жети жана андан ашык баласы бар энелерге ыйгарылган «Баатыр эне» наамын берүү боюнча жобого өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Президенттин тиешелүү жарлыгы президенттин расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Документте айтылгандай, учурдагы жобого ылайык жети (же андан ашык) бала төрөп, балдарынын бири соттолгон энелерди «Баатыр эне» орденине көрсөтүүгө мүмкүн болбой келет. Мындан улам тиешелүү жобого өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, (адам 18 жашка толгондо, жүрүм-туруму жана жасаган иши үчүн өзү жооптуу болгондуктан) 18 жашка толгон баласы соттолгон энелерди «Баатыр эне» наамына көрсөтүүгө (берүүгө) мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол эле учурда, кылмыш-жаза жоопкерчилиги башталган курактагы (бойго жеткен балдарды кошпогондо) баласы соттолсо, ал жарандын энесине «Баатыр эне» ордени берилбейт.

Маалыматка караганда, 1992-жылдан бери Кыргызстанда «Баатыр эне» орденин 39 миңге жакын эне алган. Бирок, аталган чектөөлөр болбогондо наамды алгандардын саны кыйла көп болмок.

КР Президентинин Жарлыгынын Долбоору.docx

Салыштырма таблица кыргызча.docx

Справка обоснование на кырг.яз..docx

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM