Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Гоага түз авиакаттам ачылат

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 515 | 0

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек-Гоа-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамдарды ачат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Гоага түз учуулар биринчи жолу аткарылмакчы.

Белгиленген багыт боюнча каттамдар ушул жылдын 20-декабрь жана 28-декабрында аткарылары пландалууда.

Ошондой эле «Аэро Номад Эйрлайнс» 2023-жылдын январь айында дагы 3 авиакаттамды ишке ашырганы турат. Алар 5-13-21-январларда ишке аша тургандыгы күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM