Биз менен байланышыңыз

Ошто мыйзамсыз жер саткан жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 208 | 0

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, 29 млн 559 миң 600 сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») ылайык кылмыш иши козголгон.

Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM