Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Аялдар киносунун жумалыгы башталды

Кыска кабар | 6 Дек 2022 | 162 | 0

5-декабрда Улуттук тарых музейинде аялдар киносунун жумалыгы башталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Кино жумалыгы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чара Кыргызстандын аялдар кинематографиясын жана кино коомчулугун өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган. Акысыз көрсөтүүлөр 8-декабрга чейин күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Киного музейдин чыгыш тарабынан кирүүгө мүмкүн.

Аялдар киносунун жумалыгы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM