Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети 12 жылдык окутуу системасын колдогон жок

Кыска кабар | 5 Дек 2022 | 392 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 5-декабрдагы жыйынында мектептерде 12 жылдык окутуу системасын киргизүү боюнча долбоорду четке кагышты.

Буга чейин да аталган комитет долбоорду талкуулап, кайра иштеп чыгууга жөнөткөн. 12 жылдык окутуу системасы боюнча жеткиликтүү жумуш болбогонуна байланыштуу деген негизде долбоор кайра артка кайтарылды.

«Биз 11 жыл эле окуганбыз, илгери 10 жыл эле окуткан. Эми 12 жыл деп атасыңар, каяктагы Европанын ситемасын алып келип жатасыңар. Буга чейин Жогорку Кеңешке келген, артка кайтарганбыз» , — деди депутат Айбек Осмонов.

12 жылдык окуу программасын киргүзүү Билим берүү жана илим министрлигин Алмазбек Бейшеналиев жетектеп турганда көтөрүлгөн. Бул система дүйнөнүн 136 өлкөсүндө иштей турганы, муну менен өлкөнүн билим берүүсүн дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү максаты коюлганы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM