Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ жыйыны. Чүй жана Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Кыска кабар | 5 Дек 2022 | 265 | 0

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынына байланыштуу Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрү 8-9-10-декабрь күндөрү жабылат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Чектөө киргизиле турчу көчөлөр:

— Манас аэропортунан баштап, Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тарта, Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү;

— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери Чүй проспектинен тарта, мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүгү;

— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Бишкекте 9-декабрда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Саммитке катышуу үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келет.

Copyright © 2017 Maral FM