Биз менен байланышыңыз

Дыйкандарга 30 сомдон 5 миң тонна жер семирткич берилет

Кыска кабар | 5 Дек 2022 | 422 | 0

Өткөн жумада жер семирткичтер боюнча өкмөттүн чечими чыгып, баасы 30 сом болуп бекитилди. 10-декабрга чейин 4970 тонна жер семирткич дыйкандарга берилет. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев парламенттин Агрардык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жер семирткичтер адегенде түшктүктө 49 сомдон, түндүк региондорго 52 сомдон туура келген. Кийин Монополияга каршы кызматы 46 сом 70 тыйынга түшүрүп берген. Бирок жеке ишкерлер алып келген баа арзан болгондуктан, акыркы тескеме менен 30 сом болгон.

«Ортодо 95 млн сомдук зыянды мамлекет төлөйт. Бул ошол учурдагы валюталык курстагы айырмачылыктан келип чыккан» , — деди Байдылдаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM