Биз менен байланышыңыз

Депутаттар ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышат

Кыска кабар | 5 Дек 2022 | 467 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Орусиянын Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында жазылат.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM