Биз менен байланышыңыз

Өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн экөө асынып алганы белгилүү болду

Кыска кабар | 4 Дек 2022 | 690 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда өспүрүм кыздын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө Ош шаарындагы №5 тергөө абагында асынып алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу «Маралга» Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

«1996-97-жылы туулган балдар, экөө тең асынып алган абалда түндө табылды. Азыр иликтөө иштери башталды» , — деди ал.

Шектүүлөрдүн үчүнчүсү Жалал-Абад облусундагы кайтаруу абагында, төртүнчүсү түштүк борбордогу №5 СИЗОдо кармалууда.

Шектүүлөр өз жанын кыйганы тууралуу фактынын негизинде материалдар ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Быйыл сентябрда Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. ИИМдин маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалган.

Кармалган 1997-жылы туулган М.Ш.,1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кадамжай районунун тургуну 1995-жылы туулган Г.Д. аттуу шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын «Хундай-Соната» үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу жашы жете элек дагы бир адам кармалган.

Шектүүлөр Ош шаарындагы Жазаларды аткаруу кызматына караштуу №5 тергөө абагына которулган. Ноябрь айында алардын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 4-январына чейин камакта калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM