Биз менен байланышыңыз

Жапаров араб инвесторлору менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Дек 2022 | 531 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Аль Саех Групп» (Al Sayegh Group) ири корпорациялардын биринин башчысы Абдул Жаббар Аль Сайехараб жетектеген араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды.

Тараптар тоо-кен жана энергетика, айыл чарба жана банк тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашканын өкмөттөн кабарлашты.

Акылбек Жапаров Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлдеги инвестициялык компанияларды тартууга кызыкдар экенин айтты.

«Кыргыз тарап ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр» (ачкычка чейин тапшыруу)» , – деди министрлер Кабинетинин башчысы.

Араб делегациясынын мүчөлөрү өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө долбоорлорду ишке ашырууну баштоого даяр экендиктерин билдиришип, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү бар багыттарды сунушташты.

Copyright © 2017 Maral FM