Биз менен байланышыңыз

Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түштү

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 291 | 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түштү. Ал операцияга муктаж. Бул тууралуу теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, операция Түркияда жасалат.

“Азиз Мурадиллаев оор абалда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал боор циррозу менен жабыркайт. Ага Түркиядан баасын 45000 долларга операция жасоо керек” — деп жазган ал.

Ал “Курманжан датка” тасмасындагы Кокон хандыгы тушунда кыргыздардан чыккан таасирдүү саясий ишмер Алымбек датканы образын жаратуу менен калың элге таанылган актер.

Жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн реквизиттер:

Элсом :0553330431

2202202376920157 Сбербанк

4377723789917360 Тинькофф Чукуев А:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM