Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушту

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 282 | 0

Бүгүн Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Баткен жана Исфара тилкелеринде Дахмадагы жолугушуусу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосундагы мушташуунун чоо-жайын изилдеп чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашышты.

Мушташ фактысы ИИМдин аймактык органдары тарабынан иликтенип, мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет. Тараптар биргелешип алдын алуу боюнча макулдашышты

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM