Биз менен байланышыңыз

Ноокатта майыптыгы бар жарандарга жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 228 | 0

Ноокатта милиция кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Ноокат шаарынын мэриясы менен биргеликте майыптар күнүнө карата шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген 40 жаранга материалдык жардам көрсөтүштү жана мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөр үчүн көңүл ачуучу иш-чара уюштурулду.

Мындай иш-чара башка райондордо да өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, 3-декабрь Кыргызстанда Майыптардын эл аралык күнү белгиленүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM