Биз менен байланышыңыз

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 178 | 0

Бүгүн,  3-декабрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сомониен (РТ) айылы аркылуу Дахма айылын көздөй бара жатып, Кыргызстандын жараны М.Н. жана Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранына карата орой сөздөрдү айта баштаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, ал таш ыргытууга айланган.

Чыр-чатактын курчушуна жана эки тараптын жарандарынын тарап кетишине жол бербөө максатында Кыргызстандын жараны аңчылык куралын колдонуп, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок чыгарган.

Болгон окуянын жагдайын жана себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM