Биз менен байланышыңыз

Баткен элин колдоо үчүн ачылган эсепке 340 млн сомдой акча чогулду

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 294 | 0

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 338 млн 330 миң сом чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-декабрга карата бул каражаттын 148 млн 758 миң сому сарпталып, 194 миң 470 миң сом калды.

Бул эсеп элдин демилгеси менен ачылып, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM