Биз менен байланышыңыз

Ошто зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында иш-чара өттү

Кыска кабар | 3 Дек 2022 | 208 | 0

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында Ош шаарында өткөрүлгөн иш-чарага катышты. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн катчылыгы Ички иштер министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте аталган кампаниянын алкагында иш-чараларды өткөрүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги, Билим берүү уюмдарынын Ассоциациясы менен биргеликте Ош шаарында өткөрүлгөн бул иш-чара Ош облусунда жана Ош шаарында жайгашкан мектептердеги 30дан ашуун директорлорго жана директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн болду.

Иш-чаранын катышуучуларына балдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча кырдаалдык талдоо сунушталып, анда ата-энелердин жана мугалимдердин колдоосуна муктаж болгон балдарды эрте аныктоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду, ошондой эле, зомбулуктун алдын алуу боюнча башка мамлекеттердин тажырыйбасы эске алынды.

Ошондой эле, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусунда, Ички иштер министрлиги менен биргеликте Ош облусунун жана Ош шаарынын 200 мектеп окуучулары үчүн «Зомбулуксуз жашоо» аталышында акция өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын максаты – балдарды боорукердикке үндөө, улууларга сый мамиле жасоо, ошондой эле париоттук сезимди ойготуу. Иш-чаранын соңунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы балдарга белектерин тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM