Connect with us

Өлкөдө 139 миң өспүрүм кыз папиллома вирусуна каршы эмделди

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 295 | 0

Кыргызстанда 14-ноябрда өспүрүм кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 139 миң 311 өспүрүм кыз эмдөөдөн өткөн. Бул максаттуу топтун 58%ын түзөт.

Бул тууралуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева Эмдөө жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) өлкөлөрүнүн Улук башкаруучусу Смита Сингх менен  болгон жолугушуусунда билдирди.

Асель Чынбаева белгилегендей, ГАВИнин техникалык колдоосу менен эмдөө жүргүзүлгөн.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жугуштуу оорулар менен күрөшүүдө, жаңы вакциналарды киргизүүдө жана вакцина препараттарын сактоо жана ташуу үчүн муздак чынжыр менен камсыз кылууда Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ГАВИге ыраазычылык билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген профилактикалык эмдөө календарына ылайык, ушул жылдын ноябрь айына карата мектеп окуучуларын эмдөө программасынын алкагында 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштери башталган.

Эмдөө өлкө мектептеринин медициналык пункттарында бекер жүргүзүлөт. 2022-2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздар да АПВ каршы вакцинасы менен эмделет. Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат (эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында).

Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын 600дөн ашык оорунун жана жатын моюнчасынын рагына кабылган 300гө жакын өлүмдүн алдын алат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM