Биз менен байланышыңыз

Юстиция министрлиги Баткендеги чек арачыларга камуфляждык форма берди

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 385 | 0

Юстиция министринин орун басары болуп Орозбек Сыдыков министрликтин атынан Баткен облусундагы чек арачыларга 1000 комплект камуфляждык форма өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган минстрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, берилген кийимдер технологиялык талаптарга жооп берген, талаада кийиле турган камуфляждык күрмөдөн, шым жана баш кийимден турат.

Кошумчалай кетсек, 23-ноябрда АКШнын Коргоо министрлигинин гуманитардык жүк ташуучу рейси менен Баткенге жардам келген. Ага керебеттер, матрацтар, шейшептер жана кышкы кийимдер кирген.

Бул колдоо АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги тарабынан берилген 8 млн сомго жана гигиеналык комплекттерине кошумча болуп саналат. Акчалай жардам жана комплекттер Баткен облусундагы миңдеген адамдарга берилери айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM