Биз менен байланышыңыз

Сыдыков: Эми Тажикстан менен чек араны чечсек, бүтүн мамлекет болобуз

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 634 | 0

«Чек арасыз мамлекет мамлекет эмес. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен эки тараптуу чек араны такташып чечишип алдык. Эми Тажикстан менен да чек араны чечишип алсак, бүтүн мамлекет болобуз. Бул багытта эл менен жакындан иштеген жергиликтүү бийлик элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүүзүсү керек. Биринчи кезекте бизге тынчтык керек. Күтүлбөгөн жерден Баткендеги окуя чыгып, ал жакты калыбына келтирүүгө миллиарддаган сомдор кетти». Мындай пикирин 1-декабрда «Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков Ноокен районунан келген айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Бактыбек Сыдыков Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилип, анын натыйжасында Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнө Өзбекстандан 1088 гектар жер аянты өткөнүн белгилеген.

Ошондой эле ал жергиликтүү бийликтин жетекчилеринен көп нерсе көз каранды экенин белгилеген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM