Биз менен байланышыңыз

Тоодо изделип жаткан аңчынын сөөгү табылды

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 253 | 0

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Кичи-Тоо» тоосунан изделип жаткан Забунов Дмитрий аттуу аңчынын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлгөн.

Эске салсак 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган Александр Браун жана 1972-жылы туулган Забунов Дмитрий аттуу 2 эркек киши «Кичи-Тоо» тоосуна аңчылыкка чыгышкан.

Ошол эле күнү Забунов Дмитрий тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ӨКМдин 112-кызматына келип түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM