Биз менен байланышыңыз

Астанада Манастын айкели орнотулат

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 195 | 0

Президент Садыр Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовду кабыл алды. Анда министрликтин учурдагы ишмердүүлүгү жана эл аралык маданий-гуманитардык кызматташуулары боюнча маселелери талкууланды.

Алтынбек Максутов Мамлекет башчысына Манастын айкели Казакстандын Астана шаарында орнотуу боюнча уюштуруу иш-чараларынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип, эскизинин долбоорун сунуштады.

Эстеликти орнотуу боюнча тиешелүү макулдашуу эки өлкө ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча координациялык планынын алкагында жетишилген.

Кыргызстанда жашаган скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүсү скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Улан Бейшенбаев болду.

Учурда эстеликтин көркөм-эксперттик комиссия тарабынан бекитилген жумушчу макети даярдалды.

Постаментти граниттен жасоо пландалууда. Скульптура өзү колодон жасалат.

Астана шаарынын акимиаты тарабынан бөлүнгөн жер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин, эстеликтин тургузула турган жерине ылайыкташуусу үчүн азын-оолак оңдоолор киргизилиши мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров Манастын образы жана духу эстеликте чагылдырылышы үчүн алдыда аткарыла турган иштерди жогорку деңгээлде камсыз кылууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM