Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ишкер аялдардын форуму өтүүдө

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 403 | 0

Бүгүн, 2-декабрда ишкер аялдардын дүйнөлүк күнүнө карата JIA бизнес ассоциациясы AIYM ISHKER-2022 форумун өткөрүүдө.

Анда бизнес чөйрөдө ийгиликтүү иштеп жаткан спикерлер тажрыйбалары менен бөлүшүп, ишкердик кылууда аялдар кабылган көйгөйлөр жөнүндө айтып беришет. Ошондой эле үй-бүлөлүк бизнестин артыкчылыктары тууралуу да сөз болот.

Форумдун алкагында ишкер жубайлар «18 жыл үй-бүлөдө өнөктөштүк, 12 жыл бизнес-өнөктөш» темасында сөз сүйлөшөт. Алар:

Элдар Абакиров — Экономика министринин мурдагы орун басары, экономист, ишкер жана жубайы Шарбат Бекмаганбетова — ишкер, «SAPSAN» билим берүү борборунун «OSOO Alpha Genius» компаниянын ээси.

Мындан тышкары, эл аралык бизнес-тренер, өзүн-өзү өнүктүрүү, убакытты башкаруу боюнча тренер Фархад Мамбетов «Тайм менеджменттин» сырлары менен бөлүшөт.

«Үй-бүлөлүк бизнестин ийгиликтери жана кемчиликтери» деген темада ишкер жубайлар Данияр Алымов жана Жамиля Иманкулова сүйлөшөт.

Аялдардын ишкердигине арналган форумда башка да ийгиликтүү ишкер айымдардын баяндамалары угулат. Иш чара Novotel мейманканасында өтүп жатат.

Кыргызстанда ишкер аялдарды колдоо боюнча 2022-2026-жылдарга эсептелген мамлекеттик программа бар. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, программанын алкагында ишкер аялдар 300 миң сомго чейинки насыяны 6% жеңилдетилген үстөк менен ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM