Биз менен байланышыңыз

Катар-2022: Германиянын президенти улуттук курама командасына кайрылды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 2 Дек 2022 | 919 | 0

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттан четтетилгенден кийин өз өлкөсүнүн улуттук курама командасын социалдык тармактагы баракчасында колдоду.

«Урматтуу команда, бул биз үчүн оор Дүйнөлүк чемпионат болду… Жакшы дем алып, бир аз эс алып, кийинки турнирге жаңы энергия менен чыгууга убакыт келди. Сиздерге ийгилик каалайм», — деп жазды Штайнмайер.

Эске салсак, немистер тайпалык баскычтын финалдык беттешинде Коста-Риканы (4:2) жеңип, бирок тайпадан чыга алышкан эмес, анткени Испания курама командасы Японияга (1:2) утулуп калган.

Немис футболчулары төрт упай менен E тайпасында үчүнчү орунга чыгышты. Бир сап жогору испан оюнчулары да төрт упайга ээ болгон, бирок гол айырмасы боюнча Германиядан алдыга озуп кеткен.

Белгилей кетсек, 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатта дагы Германия тайпадан чыга алган эмес. Анда, Түштүк Корея, Швеция жана Мексика менен бир тайпада ойногон.

Германия 2014-жылы  дүйнө чемипону болгон.

Ага чейин үч жолу (2010, 2006, 2002) дүйнөлүк чемпионатта, алдыңкы команда деген топ 3 катарына кирген.

Катар-2022: Германия экинчи жолу тайпалык оюндан чыга албай калды 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM